Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
ХII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №69
№29 М.Нургазиев орто мектебине 300даана көрүүчүлөр үчүн отургуч (кресло) сатып алуу долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндө
Токтогул райондук Өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу «№29 М.Нургазиев орто мектебинин жыйындар залына 300даана көрүүчүлөр үчүн отургуч (кресло) сатып алуу долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы суммасы 1500000 (бир миллион беш жүз миң ) сомду түзгөн «№29 М.Нургазиев орто мектебине 300даана көрүүчүлөр үчүн отургуч (кресло) сатып алуу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырылсын жана 2026-жылга карата Токтогул райондук Өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталсын .
2. Аталган долбоордун өздүк салымы үчүн долбоордун жалпы суммасынын 20(жыйырма)пайызын түзгөн 300000(үч жүз миң ) сом акча каражатын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттен карап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
М. Насирдинов |