Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
ХII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №70
Үч-Терек айылынын тургуну Жусукеева Гүлбайрага тиешелүү турак жай куруу үчүн алган 0,15га жер тилкесинин ичинен 0,04га жер аянтын соода- сатык багытына өзгөртүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылынын башкы планындагы №1012, К.Абдылдабеков көчөсүнүн №28/1 дарегиндеги, идентификациялык коду 3071010010151, 2025-жылдын 12-августундагы Токтогул мамлекеттик нотариалдык конторасынын № ГН-44-2025-4684670 сандуу мыйзам боюнча мураска калтыруу жөнүндө күбөлүктүн, 2025-жылдын 12-августундагы Токтогул мамлекеттик нотариалдык конторасынын № ГН-44-2025-4684606 сандуу менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн негизинде, Үч-Терек айылынын тургуну Жусукеева Гүлбайрага таандык 0,15 га турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин ичинен 0,04га жер тилкесинин багытын соода- сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын тургуну Жусукеева Гүлбайрага таандык, К.Абдылдабеков көчөсүнүн №28/1 дарегиндеги идентификациялык коду 3071010010151, турак жай куруу үчүн берилген 0,15га жер тилкесинин ичинен 0,11га жер аянты турак жай куруу үчүн калтырылсын, 0,04 га жер тилкесинин багыты соода -сатык багытына өзгөртүлүп берилсин.
2. Багытын өзгөртүү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
М. Насирдинов |