Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
ХII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №71
«Үч-Терек айыл аймагына караштуу Үч-Терек айылындагы №4 «Чабалекей» балдар бакчасына бир тайпага ылайыктуу, жаңы кошумча корпус куруу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндө
“2026-жылга карата Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталуучу «Үч-Терек айыл аймагына караштуу Үч-Терек айылындагы №4 «Чабалекей» балдар бакчасына бир тайпага ылайыктуу, жаңы кошумча корпус куруу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы суммасы 15376478 (он беш миллион үч жүз жетимиш алты миң төрт жүз жетимиш сегиз ) сомду түзгөн «Үч-Терек айыл аймагына караштуу Үч-Терек айылындагы №4 «Чабалекей» балдар бакчасына бир тайпага ылайыктуу, жаңы кошумча корпус куруу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырылсын жана 2026-жылга карата Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталсын .
2. Аталган долбоордун өздүк салымы үчүн 1000000(бир миллион ) сом акча каражаты Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинен каржылансын жана 9376478(тогуз миллион үч жүз жетимиш алты миң төрт жүз жетимиш сегиз) сом акча каражаты Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
М. Насирдинов |