Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
ХII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №72
Үч-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Ураан айылынын тургуну Бектенбаев Сталбек Чекилдековичке «Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-майындагы №78 “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы №7 протоколунун негизинде сунушталган Кызыл-Ураан айылынын тургуну Бектенбаев Сталбек Чекилдековичти “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндөгү комиссиянын төрайымы З.Кигарованын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 жана 39-беренелеринин негизинде, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү жаранга ыйгарылсын:
- Бектенбаев Сталбек Чекилдекович – Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аскердик стол кызматкери, Кызыл-Ураан айылынын тургуну.
2.“Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” белгилерин, күбөлүктөрүн жана төш белгилерин даярдатып, наамга татыктуу болгон атуулдарга салтанаттуу тапшыруу үчүн 3(үч) айлык мөөнөттө даярдоону камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
М. Насирдинов |