Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
ХII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №73
Үч-Терек айыл аймагына караштуу Жетиген айылынын Тар-Туулук көпүрөсүн №30 Жол тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагына караштуу Жетиген айылынын кире беришиндеги Тар-Туулук көпүрөсүнүн мамлекеттик актыларын жана башка тиешелүү документацияларын даярдоо иштери №30 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлө тургандыгы жана аталган көпүрөнү №30 Жол тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун 2025-жылдын 08-октябрындагы №186 сунушун угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин» 230-беренесин негиздеп жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Терек айыл аймагына караштуу Жетиген айылындагы Тар-Туулук көпүрөсүн №30 Жол тейлөө ишканасынын балансына жана тейлөөсүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин жана тиешелүү иш кагазын даярдатуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
2. Жетиген айылындагы Тар-Туулук көпүрөсүн №30 Жол тейлөө ишканасынын балансына жана тейлөөсүнө өткөрүп алуу үчүн мамлекеттик актыларын жана башка тиешелүү документацияларын даярдоо иштерине акча каражатын чечүү жана мыйзам талабына ылайык тиешелүү иш-аракеттерди көрүү жагы №30 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
М. Насирдинов |