Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 18-декабрындагы №74
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин Аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен Аппарат бөлүмүнүн башка беренелерине жана балдар бакчасы бөлүмүнүн 2222 беренесине акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин “Аппарат” бөлүмүнүн 2111 беренесиндеги үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен, “Үч-Терек таза суу” муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгек акысына 222,5 сом, Такталык айылындагы мектеп окуучуларын ташыган автобустун кышкы дөңгөлөгүнө 30,0сом жана айдоочусунун эмгек акысына 48,0сом,Үч-Терек айылына эки даана зыяндуу заттарды көмүүчү жай куруу үчүн 78,4 сом, Кызыл-Ураан айылынын Кочкор-Ата участкасына шагыл төшөөгө 50,0сом жалпы “Аппарат” бөлүмүнүн 2231 беренесине 428,9 сом, Аппарат бөлүмүнүн 2211 беренесине 30,0 сом, 2215 беренесине 247,7 сом, Аппараттын 2212 беренесине 22,3 сом жана “Чабалекей” балдар бакчасына электр жабдууларын сатып берүү, “Дилдеайым апа” балдар бакчасына очоккана куруу үчүн, “Балдар бакчасы” бөлүмүнүн 2222 беренесине 75,9 сом акча каражатын, Орто мектептер бөлүмүнүн 2224 беренесинен үнөмдөлгөн каражаттан аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесине 130,0 сом, жалпы баардыгы 934,8 сом акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Л.Жунусованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин Аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесиндеги үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен, “Аппарат” бөлүмүнүн 2231 беренесине 428,9 сом, Аппарат бөлүмүнүн 2211 беренесине 30,0 сом, 2215 беренесине 247,7 сом, “Аппараттын” 2212 беренесине 22,3 сом жана “Балдар бакчасы” бөлүмүнүн 2222 беренеси-не 75,9 сом акча каражатын, Орто мектептер бөлүмүнүн 2224 беренесинен үнөмдөлгөн каражаттан аппарат бөлүмүнүн 3112беренесине 130,0 сом жалпы баардыгы 934,8 сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн беренелерге жалпы 934,8 миң сом акча каражатын отургузуу жагы Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага : |
Г. Маленов |