Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 18-декабрындагы №75
”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинин 2026-жылга карата иш планына Үч-Терек айыл өкмөтүнөн берилүүчү сунуштамаларды бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун ”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинин 2026-жылга карата иш планына Үч-Терек айыл өкмөтүнөн берилүүчү сунуштамаларды бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө» Жобосунун 3-бөлүмүнө ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинин (мындан ары Атайын фонд) 2026-жылга карата иш планына Үч-Терек айыл өкмөтүнөн берилүүчү сунуштама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановго жана Атайын фонддун байкоочу кеңешинин өкүлү М.Көкүловко 2026-жылга карата Атайын фонддон Үч-Терек айыл аймагына бөлүнүүчү каражатты жана бекитилген иш–чаралардын өз мөөнөтүндө, сапаттуу аткарылышын камсыздоо жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага : |
Г. Маленов |