Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 18-декабрындагы №76
Такталык айылына таза суу кампа куруу үчүн №3860 контурдагы 0,30га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай транспорт, байланыш коргоо жана башка жерлер багытына которуу жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын Такталык айылына таза сууга кампа куруу үчүн №3860 контурдагы 0,30га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай транспорт, байланыш коргоо жана башка жерлер багытына которуу(трансформация) жөнүндө айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Такталык айылындагы №3860 контурдагы жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай транспорт, байланыш коргоо жана башка жерлер багытына которуу үчүн жер тилкесинин чектик өлчөмү 0,30га деп бекитилсин.
2. Аталган жер аянтынын багытын которуу (трансформация) боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага : |
Г. Маленов |