Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 18-декабрындагы №77
Кызыл-Ураан айылынын Бегиш участкасындагы , калктуу конуштун башкы планындагы 0,15га мечитке тиешелүү жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылынын Бегиш участкасындагы «Алкан ата мечитин» документтештирүү үчүн, калктуу конуштун башкы планындагы 0,15га турак жай куруу үчүн берилген жер аянтынын багытын өзгөртүп, мечитке тиешелүү жер аянтын бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылынын Бегиш участкасындагы калктуу конуштун башкы планындагы мечитке тиешелүү жер тилкесинин өлчөмү 0,15га деп бекитилсин .
2. Аталган жер аянтынын багытын (профилин) өзгөртүү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага : |
Г. Маленов |