Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 18-декабрындагы №79
Кызыл-Ураан айылындагы С. Шүкүрбаев атындагы айылдык клубдун
жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылындагы калктуу конуштун башкы планындагы 0,08га жер тилкеси 2004-жылкы тутумдук каттоодо турак жай болуп катталып калгандыктан, ал жерде курулган айылдык клубду документтештирүү үчүн, багытын өзгөртүп, айылдык клубга бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылындагы калктуу конуштун башкы планындагы, айылдык клубга тиешелүү жер тилкесинин өлчөмү 0,08га деп бекитилсин .
2. Аталган жер аянтынын багытын (профилин) өзгөртүү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага : |
Г. Маленов |