ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 18-декабрындагы №80
Бишкек-Ош жолунун 401чи км аралыгындагы жол жээгинен, жараксыз курулуш калдыктарын таштоочу жай үчүн, убактылуу пайдаланууга жер аянтын карап берүү жөнүндө
Эл аралык маанидеги Бишкек-Ош авто жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча курулуп жаткан тоннелдин курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Такенака Цивил Инжиниринг энд Констракшн КО.Лтд» акционердик коомунун, “Бишкек-Ош жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча филиалынын” жетекчисинин, курулуш иштеринен чыккан, жараксыз курулуш материалдарын таштоо үчүн жер аянтын аныктап берүү боюнча кайрылуусунун негизинде, Бишкек-Ош жолунун 401-чи километринен, Үч-Терек айыл аймагына караштуу, №1560 контурдагы жолдун үстү жагындагы жайыт жерден 0,30га жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек-Ош жолунун 401-чү километринен, №1560 контурдагы жайыт жер аянтынан, Бишкек-Ош жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча курулуп жаткан тоннелдин курулуш иштеринен чыккан жараксыз курулуш материалдарын таштоого убактылуу пайдаланууга жер аянтын ажыратып берүү үчүн, жер тилкесинин чектик өлчөмү 0,30 га деп бекитилсин.
2. Аныкталган чектик өлчөмү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана убактылуу пайдаланууга берилген жер аянтын кайра калыбына келтирүү жагы, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Такенака Цивил Инжиниринг энд Констракшн КО.Лтд» акционердик коомунун Бишкек-Ош жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча филиалына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага : |
Г. Маленов |