ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫНЫН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ОТУРУМУ
2023-жылдын «1» ноябрындагы № 139
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну токтотуу жөнүндө
Гроздь айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы А.А. Лаеванын маалыматын угуп жана талкуулап: «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка кеткен чыгымдарды каржылоону токтотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 6-пункчасынын негизинде, Гроздь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гроздь айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактануу акысы убактынча токтотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы А.А.Лаевага тапшырылсын.
Гроздь айылдык Кенештин төрагасы |
|
А.У.Усманов |