Редакцияот 11.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫНЫН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ОТУРУМУ

2023-жылдын «11» ноябрындагы № 143

 

Ата-бабалардын эстелигин тургузуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Бирдик айылынын тургуну Шаршенов А.К.нын кайрылуусун угуп жана талкуулап. «Ата-бабалардын эстелигин орнотуу үчүн Бирдик айылы менен Васильевка айыл аймагынын ортосунан 0,3 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө», Гроздь айылдык Кеңеши,

 

Токтом кылат:

 

1. Аянты 0,3 га болгон жер тилкеси Васильев айыл аймагы менен чектеш Бирдик айылынын арт жагында 154-контур боюнча оң тарабында Баястан уруусунун ата-бабаларына эстелик орнотуу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча жетектөөчү адис Н.К. Тунгатаровго тапшырылсын.

 

 

Гроздь айылдык

Кенештин төрагасы

 

 

А.У.Усманов