Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 471 токтомуна)
Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасындагы биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча укуктук, уюштуруучулук жана координациялык чараларды аныктайт.
2. Ушул Тартипте «Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган түшүнүктөр колдонулат.
3. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдуулук;
2) министрликтердин, ведомстволордун, комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жана жеке жактардын өз ара аракеттенүүсү;
3) байкоолордун тутумдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
4) маалыматтын ачыктыгы (чектелген жетүү мүмкүндүгү бар же мүнөздөгү маалыматтарды кошпогондо);
5) биологиялык коркунучтарга өз убагында чара көрүү.
4. Ушул Тартипте белгиленген талаптарды аткаруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана иши биологиялык агенттер жана (же) заманбап биотехнология азыктары менен иштөө менен байланышкан жеке жактар үчүн милдеттүү.
2-глава. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо
5. Биологиялык коркунучтардын алдын алууну жана болтурбоону координациялоого жооптуу биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) жарандык коргоо, өрт коопсуздугу, суу объекттериндеги адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв тутумун, токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;