Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Ала-Бука айыл аймагынын XII сессиясы
2025-жылдын 8-октябрындагы №12/2
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө беренелер боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 3-кварталына карата төмөнкүдөй болуп өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) Айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №3/16 токтомунун негизинде “Нурмолдо” эс алуу паркын реконструкциялоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каралган 11169460 (он бир млн бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз алтымыш) сом акча каражатын каржылоо үчүн имараттар жана курулмалар (3111) беренесине 2 800000 (эки млн сегиз миң ) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин.
2. Жылдырылган акча каражаттары менен өз убагында иш алып баруу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Өзгөртүү киргизилген жергиликтүү бюджетти мыйзам ченемде аткаруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуш берүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Акпаралыев Д.А. |