Загрузка документа…
3-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Соцфонд) же топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары – ТПФ) менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурстун уюштуруучусу болуп Соцфонд же ТПФ (мындан ары – конкурстун уюштуруучусу) саналат.
3. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс (мындан ары – конкурс) Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жана ушул Жобого ылайык катышуучулардын саны чектелбестен ачык өткөрүлөт.
4. Конкурстун жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келген башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) аныкталат, аны менен Соцфонд же ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзөт.
2-глава. Башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү
5. Конкурсту даярдоону жана өткөрүүнү конкурстук комиссия жүзөгө ашырат, анын курамы конкурстун уюштуруучусу тарабынан 5 адамдан кем эмес жана 15тен ашык эмес санда бекитилет (комиссия мүчөлөрүнүн саны так санды түзүүгө тийиш).
Соцфонд тарабынан түзүлүүчү конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирет.
ТПФ өз алдынча конкурстук комиссиянын курамын аныктайт жана ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн киргизүүгө укуктуу. ТПФ тарабынан түзүлүүчү конкурстук комиссиянын курамына финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү милдеттүү түрдө киргизилет.
6. Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп конкурстун уюштуруучусунун өкүлү саналат, ал конкурстук комиссиянын ишин жетектейт жана анын ишин уюштурат. Конкурстук комиссиянын төрагасы жок учурда анын функцияларын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
7. Конкурстук комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) өтүнмөлөрдү каттоо журналында катталган конкурска катышууга өтүнмөлөрү менен конверттерди ачат;
2) өтүнмөлөрдү карайт жана алардын ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкештигин аныктайт;
3) өтүнмөлөрдү баалайт жана салыштырат;