Загрузка документа…
4-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо
эрежелери
1-глава. Негизги жоболор
1. Ушул Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун эрежелери (мындан ары – Эрежелер) топтолмо пенсиялык фонддор тарабынан пенсиялык топтолмолорду өз алдынча инвестициялоонун тартибин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Соцфонд) жана топтолмо пенсиялык фонд тарабынан Соцфонд же топтолмо пенсиялык фонд менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компанияларга өткөрүп берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун жана алардын жайгаштырылышын контролдоонун тартибин, ошондой эле пенсиялык топтолмо каражаттардын курамын жана түзүмүн түзүүгө талаптарды, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучу компаниялар үчүн пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча кирешелерди эсептөөнүн тартибин белгилейт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары – ТПФ) – Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде пенсиялык төгүмдөрдү тартуу жана пенсиялык төлөмдөр боюнча иш жүргүзгөн юридикалык жак;
2) пенсиялык активдердин шарттуу бирдиги – башкаруучу компания тарабынан аларды инвестициялык башкаруунун натыйжасында пенсиялык активдердин өзгөрүүсүн мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу жана ушул Эрежелерге ылайык эсептелүүчү ТПФ пенсиялык активдеринин салыштырма чоңдугу;
3) таза пенсиялык активдер – пенсиялык активдерге таандык пенсиялык милдеттенмелерди эсептен чыгаруу менен ТПФ пенсиялык активдери (пенсиялык төлөмдөр, башка ТПФтерге которуулар боюнча милдеттенмелер жана башка мүмкүн болгон окшош милдеттенмелер).
3. Пенсиялык топтолмо каражаттар алардын өсүүсүн камсыздоо максатында гана жайгаштырылат.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону Соцфонд жана ТПФ менен түзүлгөн пенсиялык топтолмолорду ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде башкаруучу компаниялар жүзөгө ашырат.
5. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башкаруучу компаниялар жүзөгө ашырат.
6. Соцфонд жана ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компанияга пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу функцияларын берет. Башкаруучу компания жана депозитарий пенсиялык топтолмо каражаттардын жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин сакталышы үчүн материалдык жана финансылык жоопкерчилик тартат.
7. Пенсиялык топтолмолордун сакталышын жана башкаруучу компаниялардын төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында пенсиялык топтолмолорду инвестициялоо ачыктык, диверсификациялоо, ишенимдүүлүк жана кирешелүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.
8. Соцфонд жана ТПФ бир же бир нече башкаруучу компаниялар менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө жана финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте башкаруучу компаниялар тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттардын инвестицияланышына контроль жүргүзүүгө укуктуу.
ТПФ Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү лицензияларды алган шартта пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону өз алдынча жүзөгө ашырууга укуктуу. Топтолмо пенсиялык фонддун пенсиялык активдеринин курамын жана түзүмүн түзүү ушул Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.