Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Ала-Бука айыл аймагынын XII сессиясы
2025-жылдын 8-октябрындагы №12/3
IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 61-беренесинин негизинде айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Усенбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы чыгыш №20-10441 сандуу тапшырмасына ылайык, кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протколу аткарууга алынсын.
2. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топту түзүү айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн (жумушчу топтун тизмеси тиркелет).
3.IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү графиги Ала-Бука айыл аймагындагы он беш (15) шайлоо округдарында 17-20-21-22-23-октябрь күндөрүнө белгиленсин (графиг тиркелет).
4.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуш берүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну, өзүмө калтырамын.
Төрага |
Акпаралыев Д.А. |