АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Ала-Бука айыл аймагынын XII сессиясы
2025-жылдын 8-октябрындагы №12/4
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Усенбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Билим берүү тармагында эмгектенген көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалап, “Эмгектин каарманы” медалы менен “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган Аширбаев Исмаилга Ала-Бука айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуш берүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
Акпаралыев Д.А. |