Загрузка документа…
5-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө
1. Ушул Тартип «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө эрежелерин аныктайт.
2. Активдердин, анын ичинде инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркын жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган таза активдердин наркын эсептөө ар бир инвестициялык актив боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
3. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө ар бир жумуш күнү күндүн аягында жүзөгө ашырылат, ал эми мындай күн жумуш эмес күнгө туура келген отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки жакынкы жумуш күнү болуп саналса, таза пенсиялык активдердин орточо наркын жана активдердин учурдагы рыноктук наркын эсептөө отчеттук мезгил аяктаган көрсөтүлгөн датага карата да жүзөгө ашырылат.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркы финансы-кредиттик уюмдардагы эсептердеги жана депозиттердеги акча каражаттарынын суммасына, баалуу кагаздардын рыноктук наркына, ошондой эле дебитордук карыздын суммасына жараша эсептелет.
5. Эгерде ушул Тартипте башкача каралбаса, баалуу кагаздардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү баалуу кагаздардын санына жана бир баалуу кагаздын рыноктук баасына жараша аныкталат.
6. Фондулук биржанын котировкалык тизмесине киргизилген баалуу кагаздын рыноктук баасы ошол фондулук биржа тарабынан аныкталат. Ошол эле учурда:
1) баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде көрсөтүлгөн бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган ченемдик укуктук актыларга ылайык рыноктук бүтүмдөргө (мындан ары – рыноктук бүтүмдөр) ылайык таанылган бүтүмдөр боюнча орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат;
2) эгерде бир соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон аз рыноктук бүтүм жасалган болсо, баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, акыркы эки соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен рыноктук бүтүмдөр боюнча орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат;
3) эгерде акыркы эки соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон аз рыноктук бүтүм жасалган болсо, баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, акыркы үч соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелген орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат;
4) эгерде акыркы үч соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон аз рыноктук бүтүм жасалган болсо, баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, акыркы беш соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелген орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат;
5) эгерде акыркы беш соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон аз рыноктук бүтүм жасалган болсо, баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, акыркы отуз соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелген орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат.
7. Эгерде пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө күнүнө карата баалуу кагаздын рыноктук баасын ушул Тартипке ылайык аныктоо мүмкүн болбосо, анда баалуу кагаздардын рыноктук наркы төмөнкүдөй аныкталат:
1) башкаруучу компания тарабынан көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында сатып алынган баалуу кагаздардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санына жана бир баалуу кагаздын орточо баасына жараша аныкталат, ал төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
P – бир баалуу кагаздын орточо баасы;