Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Ала-Бука айыл аймагынын XIII сессиясы
2025-жылдын 30-октябрындагы №13/4
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Р.Абдысаматова орто мектебин капиталдык ремонттоо үчүн 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн курулуш боюнча адиси Н.Чыныбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Р.Абдысаматова орто мектебин капиталдык ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 004306 (эки млн төрт миң үч жүз алты ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Жогоруда ажыратылган акча каражаты менен өз убагында камсыздоо, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуш берүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага |
Акпаралыев Д.А. |