Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Ала-Бука айыл аймагынын XIII сессиясы
2025-жылдын 30-октябрындагы №13/8
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Усенбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ички иштер органындагы көп жылдык талыкпаган эмгегин баалап Батыров Эркинбек Конушовичге Ала-Бука айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуш берүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
Акпаралыев Д.А. |