Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Ала-Бука айыл аймагынын XIII сессиясы
2025-жылдын 30-октябрындагы №13/9
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгына ылайык айыл өкмөтүнүн кызматкери Г.Атамкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктарды көрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 150500 (жүз элүү миң беш жүз) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ажыратылган акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, айыл өкмөтүнүн тийешелүү адистеринин жекече жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуш берүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага |
Акпаралыев Д.А. |