Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XX сессиясынын
2025-жылдын 11-декабрындагы №176
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар айылындагы жабык кичи футбол аянтчасынын кошумча жумуштары үчүн акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар айылындагы жабык кичи футбол аянтчасынын кошумча жумуштары үчүн 8 021 978 (сегиз миллион жыйырма бир мин тогуз жүз жетимиш сегиз ) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар айылындагы жабык кичи футбол аянтчасынын кошумча жумуштары үчүн 8 021 978 (сегиз миллион жыйырма бир мин тогуз жүз жетимиш сегиз ) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |