Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №179
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ынтымак-Горняк-2 участкаларындагы айылдарга күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ынтымак-Горняк-2 участкаларындагы (5,1 км) айылдарга күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ынтымак-Горняк-2 участкаларындагы (5,1км) айылдарга күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн 6 438 476 (алты миллион төрт жүз отуз сегиз мин төрт жүз жетимиш алты) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |