Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №180
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарга ЛЕД экран орнотууга акча каражатын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарга заман талабына ылайык ЛЕД экран орнотууга каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарга заман талабына ылайык ЛЕД экран орнотууга: Ак-Терек айылына 8х3 өлчөмдө - 2 300 000 (эки миллион үч жүз мин) сом, Кызыл-Токой айылына 8х3 өлчөмдө - 2 300 000 (эки миллион үч жүз мин) сом, Болуш айылына 5х3 өлчөмдө – 1 000 0000 (бир миллион) сом, Сумсар айылына 5х3 өлчөмдө – 1 000 0000 (бир миллион) сом, Терек-Сай айылына 5х3 өлчөмдө – 1 000 0000 (бир миллион) сом, Шекафтар айылына 8х3 өлчөмдө - 2 300 000 (эки миллион үч жүз мин) сом акча каражаттары пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |