Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №181
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылына аялдар үчүн машыгуу зал курууга акча каражатын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы күрөш залынын жанына аялдар үчүн машыгуу залын курууга каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы күрөш залынын жанына аялдар үчүн машыгуу залын курууга 7 000 000 (жети миллион) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык -өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |