Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №182
Терек-Сай айыл аймагына лизинг жолу менен техникаларды алуу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарга зарыл болгон учурларда керектүү техникалардын жетишпегендигине байланыштуу айыл аймакка лизинг жолу менен жер тегиздөөчү жана казуучу машина, эксковатор, автожүк ташыгыч, манипулятор, гавновоз техникаларын алуу зарылчылыгына байланыштуу каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарга зарыл болгон учурларда керектүү техникалардын жетишпегендигине байланыштуу айыл аймакка лизинг жолу менен жер тегиздөөчү жана казуучу машина-1даана, эксковатор- 2даана, автожүк ташыгыч, манипулятор- 1даана, гавновоз-1даана техникаларын алуу зарылчылыгына байланыштуу 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин жана 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |