Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №184
Бишкек шаарында өткөрүлүүчү жогорку лигадагы волейбол боюнча чемпионатка барып келүүгө каражат карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай кыздар курама командасын Бишкек шаарында болуучу жогорку лигадагы 18-чемпионаттын 1-туруна волейбол боюнча оюнга катыштырып келүүгө тамак-аш, жатакана, жол чыгымдарына жана спорттук форма алууга акча каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай кыздар курама командасынын Бишкек шаарында болуучу жогорку лигадагы 18-чемпионаттын 1-туруна волейбол боюнча оюнга катышып келүүгө тамак-аш, жатакана, жол чыгымдары үчүн 140 000 (бир жүз кырк мин) сом жана спорттук форма алууга 99 200 (токсон тогуз мин эки жүз) сом акча каражаттары пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |