Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №186
Сумсар-Шекафтар автожолун асфальттоо учурунда проектиге кирбей калган жумуштарды аткаруу зарылдыгына байланыштуу кошумча каражат карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Сумсар-Шекафтар автожолун асфальттоо учурунда проектиге кирбей калган жумуштарды аткаруу зарылдыгына байланыштуу кошумча каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сумсар-Шекафтар автожолун асфальттоо учурунда проектиге кирбей калган кошумча жумуштарды аткаруу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар порталынын 17-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык 10% 2 250 188 (эки миллион эки жүз элүү мин бир жүз сексен сегиз) сом акча каражатын жана 3 376 251 (үч миллион үч жүз жетимиш алты мин эки жүз элүү бир) сом акча каражатын тендерге коюу жолу менен пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |