Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 268 Жарлыгынын)
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын
концепциясы
1-глава. Киришүү
Ушул Концепция эл аралык кызматташтыктын негизги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багыттарынын жана артыкчылыктарынын системасын түшүндүргөн Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун бекемдейт.
Ушул Концепция тышкы мамилелер жаатында негиз салуучу документ болуп саналуу менен Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү келечекте тышкы саясатынын принциптерин, максаттарын жана артыкчылыктарын аныктайт.
Концепциянын жаңы редакциясын кабыл алуу мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр, өлкөнүн саясий институттарынын алдында турган жаңы милдеттери, Кыргыз Республикасынын өнүгүү максаттарына жетүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкта коомду андан ары консолидациялоо менен шартталган.
Геосаясий өзгөрүүлөр, дүйнөнүн ар түрдүү региондорундагы аскердик чыр-чатактар, эл аралык укуктун андан ары бузулуу коркунучу, ошондой эле экономикалык жана климаттык чакырыктар менен байланышкан глабалдык күн тартибинде түзүлүп жаткан жаңы чындыктар Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык аренада натыйжалуу илгерилетүү жана коргоо зарылдыгын талап кылат. Кыргыз элинин руханий дүйнө таанымы, тарыхы жана маданияты глобалдык дүйнө тартибинде өзүн-өзү аныктоо үчүн булак жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын пайдубалы болуп саналат.
Кыргыз Республикасы үчүн Борбордук Азия региондундагы достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери биргелешкен өнүгүүнүн башкы артыкчылыктарынын жана шарттарынын бири болуп калат. Кыргызстан чектеш өлкөлөр менен Мамлекеттик чек араны делимитациялоону аяктап, тарыхый натыйжага жетишти, бул мамлекеттин тышкы саясатында жаңы доордун этаптын башталышын билдирет.
Ушул Концепциянын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
Ушул Концепция Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерине таянуу менен өлкөнүн тышкы саясатынын негизги принциптерин жана артыкчылыктарын түзөт.
2-глава. Тышкы саясий иштин негизги принциптери
Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого, туруктуу жана ырааттуу өнүгүүгө багытталган улуттук кызыкчылыктарын көздөөгө жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде чет мамлекеттер менен туруктуу мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган тең салмактуу жана ырааттуу көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзөт.
Кыргыз Республикасы демократия жана рыноктук экономика жолу менен өнүгүп жаткан тынчтыкты сүйүүчү мамлекет катары эл аралык милдеттенмелерин сактоого, адам укуктарын жана эркиндиктерин, жалпы адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды урматтоого умтулат, өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарды урматтоо принциптеринде бардык кызыкдар өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачык.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун принциптерине, глобалдык жана региондук аспекттеринде коопсуздукка негизделген өкүлчүлүктүү, адилеттүү жана көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти түзүү принциптерине умтулгандыгын ырастайт.