Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №189
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой - Ынтымак айылдарынын аралыгында жайгашкан Капчыгай участкасына күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой – Ынтымак айылдарынын аралыгында жайгашкан Капчыгай участкасына (13,7км) күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой – Ынтымак айылдарынын аралыгында жайгашкан Капчыгай (13,7км) участкасына күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн 17 285 910 (он жети миллион эки жүз сексен беш мин тогуз жүз он) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |