Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №190
Терек-Сай айыл аймагына караштуу ижарага алган жерди башка категорияга которуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Каипов Мараттын маалыматына ылайык, Кызыл-Токой айылындагы ижарага жашылдандыруу үчүн алып иштетип жаткан алган жерди башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы ижарага жашылдандыруу үчүн алып иштетип жаткан жерди башка категорияга которуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 665 токтомунун негизинде тиешелүү документтерди даярдап, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы,курулуш, муниципалдык менчик, жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |