Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №192
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы спорт залга керектүү инвентарларды алууга каражат карап берүү жөнүндө.
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Шекафтар айылындагы спорт залга керектүү инвентарларды алууга каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы спорт залга керектүү инвентарларды алууга 678 000 (алты жүз жетимиш сегиз мин ) сом акча каражаттары пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |