Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 85/ХVII-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн СЭО бөлүмүнүн башчысы С.Т.Толбашиевдин кирешелер боюнча планынын ашыра аткарылгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин киреше бөлүгүн салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча 4731,0 ( төрт миллион жети жүз отуз бир миң) сомго көбөйтүү:
- 11321200 - "Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 11,8 (он бир миң сегиз жүз) сом;
- 11312100- "транспорт каражаттарына салык" 19,2 (он тогуз миң эки жүз) сом;
- 11111100-киреше салыгы 4700,0 (төрт миллион жети жүз миң) сом.
2026-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин чыгаша бөлүгүн төмөнкү бөлүмдөр боюнча 4731,0 (төрт миллион жети жүз отуз бир миң) сомго көбөйтүү:
- 70911 "балдар бакчасы" бөлүмү 3111-берене "балдар аянтчасы курулмалары" 1000,0 миң сом;
- 70911 "балдар бакчасы" бөлүмү 3111 "капиталдык оңдоо" беренеси 1964,5 миң сом;
- 70921 "мектептер" бөлүмү 2222 "чарбалык товарлар" беренеси 567,8 миң сом;- 70921 "мектептер" бөлүмү 2221 "учурдагы оңдоо" беренеси 450,0 миң сом;
- 70823 "клубдар" бөлүмү 2215 "иш-чараларды өткөрүү" беренеси 128,7 миң сом;
- 70823 "клубдар" бөлүмү 2222-берене "чарбалык товарлар" 20,0 миң сом
- 70823 "клубдар" бөлүмү 3112-берене "пардалар" 600,0 миң сом.
2. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |