Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №58
Атай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттынын
Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкулоо боюнча, Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматованын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин ( тиркеме тиркелет).
2.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|