Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №59
IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Атай айыл аймагында “Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 сандуу Жарлыгын негиздеп, Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Атай айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү 1-ноябрь күнү саат 10-00 дө Арал айылынын М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
2. Атай айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына делегаттарды тандоо үчүн Атай айыл аймагы төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Арал, Атай, Бирдик, Карл Маркс айылдары.
3.Атай айыл аймагы бөлүктөрдөн бириккен делегаттардын жалпы саны 50 адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй ирээтте көрсөтүлсүн.
-Арал айылы боюнча делегаттардын саны 19 адам;
- Атай айылы боюнча делегаттардын саны 14 адам;
-Бирдик айылы боюнча делегаттардын саны 11 адам;
- Карл Маркс айылы боюнча делегаттардын саны 6 адам;
4.Аймактык бөлүктөрдө жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Арал айылында 2025-жылдын 17-октябрь күнү 11-00 дө М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө;
-Бирдик айылында 2025-жылдын 17-октябрь күнү саат 14-00 дө №6 Бирдик орто мектебинин имаратында;
-Атай айылында 2025-жылдын 20-октябрь күнү саат 11-00 дө М.Аттокуров атындагы клубда;
- Карл Маркс айылында 2025-жылдын 20-октябрь күнү саат 14-00 дө Саймалуу-Таш орто мектебинин имаратында;
5. Аймактык бөлүктөрдө жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
а) Арал айылы боюнча: Эрмек уулу Абай
б) Атай айылы боюнча: Өмүкеевич Урматбек Мусакеримович
в) Бирдик айылы боюнча: Кураналиева Бүбүсара Кубаталиевна
г) Карл Маркс айылы боюнча: Турдакун уулу Дарыбек
6. 2025-жылдын 1-ноябрь күнүнө саат 10-00 гө Атай айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү үчүн аймактык бөлүктөрдөн шайланган делегаттардын катышын камсыз кылып берүү максатында жумушчу топтун курамынын саны 5 ( Беш ) адам деп бекитилсин жана тѳмѳндѳгүдѳй курамда түзүлсүн:
1. Өскөнбай уулу Сүйүндүк: - АК төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. Баатырбек уулу Нурсултан: - АК төраганын орун басары, жумушчу топтун
төрагасынын орун басары;
3. Бердибек уулу Анарбек - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
4. Догдурбек уулу Жылдызбек: - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
5. Жөжөбаев Жакыпбек: - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
7. IV Элдик Курултайга шайланган делегаттын тизмесин, шайлоо тууралуу протоколун жана толтурулган анкетасын райондук уюштуруу комитетине жөнөтүү жагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасынын орун басары Баатырбек уулу Нурсултанга милдеттендирилсин.
8. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳз жоопкерчилигиме калтырамын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|