Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №60
Таштанды ташып чыгаруу үчүн “Атай” муниципалдык ишканасына атайын техника алуу боюнча Атай айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 11-пункттуна ылайык, Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртуу максатында “Атай” муниципалдык ишканасына таштанды ташып чыгаруучу атайын техника (автоунаа) алуу зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Атай” муниципалдык ишканасына таштанды ташып чыгаруу үчүн атайын техника (автоунаа) алуу жөнүндөгү Атай айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин.
2.Таштанды ташып чыгаруучу техниканы алуу үчүн “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор жазып сунуштоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|