Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №61
Атай айыл аймагынын 07.07. 2025-жылдагы №11 жалпы элдик чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пункттуна ылайык, Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагында тоют топтоо, элдин аныкталган муктаждыгын жоюу максатында “Атай” муниципалдык ишканасына экскаватор сатып алуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Атай” муниципалдык ишканасына экскаватор сатып алуу үчүн сметалык баасы 6 300 000 (алты миллион үч жүз миң) сомдук долбоор жазуу боюнча Атай айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Эксковатор техникасын алуу үчүн “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор жазып сунуштоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|