Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №62
Атай айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын ишке ашыруу боюнча Атай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Г.Салташованын маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планы алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|