Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №63
2025-жылдын киреше салыгынан 10 пайызы республикалык бюджетке түшкөндүгүнө байланыштуу Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн 2100,0 (эки миллион бир жүз миң) сомго азайтып берүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн фининсы -экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Бактыбек уулунун Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн 2025-жылдан баштап киреше салыгынын 10 пайызы республикалык бюджетке түшкөнүнө байланыштуу, каралган пландан киреше салыгынан 11111100 элементинен 2100,0 (эки миллион бир жүз миң) сомго азайтып отургузуп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнөн 2025-жылдан баштап киреше салыгынын 10 пайызы республикалык бюджетке түшкөнүнө байланыштуу, каралган пландан киреше салыгынан 11111100 элементинен 2100,0 (эки миллион бир жүз миң) сомго азайтып отургузулсун жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн беренелеринен төмөндөгүдөй өлчөмдө азайтып отургузулсун.
2.
№ | Бөлүмдөр | Миң сом менен | берене | сумма |
1 | Клуб | Миң сом менен | 2224 | 13,1 |
2 | Орто мектеп билим берүү | Миң сом менен | 2224 | 51,3 |
3 | Китепкана | Миң сом менен | 2224 | 3,9 |
4 | Мектепке чейинки билим берүү уюму | Миң сом менен | 2224 | 152,7 |
5 | Аппарат | Миң сом менен | 2111 | 473,0 |
6 | Аппарат | Миң сом менен | 2121 | 92,1 |
7 | Мектепке чейинки билим берүү уюму | Миң сом менен | 2221 | 100,0 |
8 | Клуб | Миң сом менен | 2111 | 80,0 |
9 | Клуб | Миң сом менен | 2121 | 15,0 |
10 | Клуб | Миң сом менен | 2211 | 13,0 |
11 | Аппарат | Миң сом менен | 2211 | 80,0 |
12 | Аппарат | Миң сом менен | 3111 | 1025,9 |
| Жалпы |
|
| 2100,0 |
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Бактыбек уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|