Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №64
Атай айыл аймагынын Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүн жарыктандыруу жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагынын Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнүн 2209 метр аралыгын жарыктандыруу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнүн 2209 метр аралыгын жарыктандыруу үчүн “Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдалып сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|