Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын

 

2025-жылдын 14-октябрындагы №68

 

Атай айыл аймагынын Арал айылындагы А.Аттокуров атындагы көчөсүнүн 500 метр аралыгына ысык асфальт төшөө жөнүндө

Атай айыл аймагынын Арал айылындагы А.Аттокуров атындагы көчөсүнүн 500 метр аралыгына ысык асфальт төшөө боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Атай айыл аймагынын Арал айылындагы А.Аттокуров атындагы көчөсүнүн 500 метр аралыгына ысык асфальт төшөө боюнча “Үлүштүк дем берүүчү грантка” долбоор жазып сунушталсын.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапшырылсын.

 

3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кенешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Атай айылдык кеңешинин төрагасы

 

С. Өскөнбай уулу