Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXVI сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 14-июлу №26/116
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 19/81 “Үлүштүк каржылоо жөнүндө Жобо” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 09-июлундагы №43 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 19/81“Үлүштүк каржылоо жөнүндө Жобо” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Мурзаев