АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №70
Атай айыл аймагынын Карл Маркс айылынын Чоң-Дөбө көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоодон өткөрүү, ысык асфальт төшөө жөнүндө
Атай айыл аймагынын Карл Маркс айылынын Чоң-Дөбө көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоодон өткөрүү, ысык асфальт төшөө боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Карл Маркс айылынын Чоң-Дөбө көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоодон өткөрүү, ысык асфальт төшөө боюнча “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор жазып сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кенешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|