Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXVI сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 14-июлу №26/117
“Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2026-2027-жж күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине жылуу суууну берүүнү токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 2-июнундагы №12 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 4-июнундагы №01-14/2461 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2026-2027-жж күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине калкка жылуу суууну берүүнү токтотуу маселеси терең изилденип, шаардык кенештин кийинки сессияларынын кароосуна сунушталсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Мурзаев