Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXVI сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 14-июлу №26/118
Кызыл-Кыя шаарынын “Пост ГАИ” участогундагы жаны ачылган скверге Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 12-июнундагы №29 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 3-июнундагы №01-14/2451 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын “Пост ГАИ” участогундагы жаңы ачылган скверге Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктун аткарууда тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиевге тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Мурзаев