АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №73
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы үчүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы үчүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча план киргизүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы үчүн киреше жана чыгаша бөлүгүнөн 2025-жылга 250 000 (Эки жүз элүү миң) сом кошумча план болуп киргизилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Бактыбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кенешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|