Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-июлу № 250
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, Борбордук Азиянын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусун, F1H2O суу-мотордук спорту боюнча дүйнө чемпионатын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, Борбордук Азиянын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусун, F1H2O суу-мотордук спорту боюнча дүйнө чемпионатын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык штаб 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, Борбордук Азиянын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусун, F1H2O суу-мотордук спорту боюнча дүйнө чемпионатын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул тескеменин 1-пунктунда аталган Координациялык штабга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери:
– бул тескеменин 2-пунктунда аталган Иш-чаралар планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылсын;
– бул тескеменин 1-пунктунда аталган Координациялык штабдын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүп турсун.
5. Бул тескемени ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдарга тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
6. Бул тескеменин 2-пунктунда аталган Иш-чаралар планынын талаптагыдай жана өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |