Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз он жетинчи сессиясы
2026-жылдын 26-июну № 38
Орозбеков муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү жөнүндө
Орозбеков айылдык өкмөтүнө караштуу Орозбеков муниципалдык ишканасынын директору А. Алимовдун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында иштеген иши жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков муниципалдык ишкананын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иши "канааттандырарлык" деп баалансын.
2. Муниципалдык ишкананын директоруна төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
2.1. Ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча чараларды көрүү; 2.2. Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана өзүн-өзү актоону камсыздоо боюнча иш-чаралар планын түзүү жана аткаруу; 2.3. Дебитордук жана кредитордук карыздарды кыскартуу боюнча иш алып баруу;
3. Айыл аймагындагы жолдун боюна жеке жактар тарабынан төгүлгөн кум,шагыл, таш ж.б курулуш материалдар бир жуманын ичинде алынбаса чоң жолдун четиндегилерге айып пул 300(үч жүз) сом, ички жолдордун четиндегилерге 200(эки жүз) сом болуп белгиленсин.
4. Таштанды таштоочу жайга таштандыны жеке жактар алып барган учурда тариф жеңил машинада алып баргандарга 100 сом, портер унаасы менен алып баргандарга 250 сом, чоң жүк машинада алып баргандарга 500 сом болуп бекитилсин.
5. Муниципалдык ишканага Орозбеков айыл өкмөтүнө мыйзамдарда белгиленген тартипте финансылык отчёт тапшырып туруу жагы эскертилсин.
6. Айыл өкмөтү муниципалдык ишкананын ишин көзөмөлгө алсын жана керектүү колдоо көрсөтсүн.
7. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
8. Айылдык кеңештин ажооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Каримов